Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Мирзиёев иштен алынган акимдерди "чыккынчылыкка" айыптады


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзёевдин басма сөз кызматы анын 11-июлдагы видео жыйында сүйлөгөн сөзүн жарыялады. Анда кайра шайланган президент бир катар акимдердин, мамлекеттик кызматкерлердин иштен алынганын алардын "чыккынчылыгы" менен негиздеген.

"Мен чет өлкөлөргө барам, банкирлер, ишкерлер менен чоң долбоорлор тууралуу сүйлөшүп келем. Бирок менин өкүлдөрүм болгон адамдар уктап, уйкусурап отурат. Мен ишинде ката кетирген адамды кечире алам, бирок чыккынчылык кылганды кечире албайм. Бул алар үчүн акыркы сөгүш, акыркы эскертүү. Эгер алар үч айдын ичинде өзгөртүү киргизбесе анда алардын жоопкерчилиги каралат, алардын мойнуна түшпөй калган киреше, чыгымдын баары жүктөлөт", - деген Мирзиёев.

Мунун алдында аталган жыйында Мирзиёев он райондун, эки шаардын акимин, беш мамлекеттик кызматкерди иштен алганы белгилүү болгон. Анда иштен алынган акимдер башкарган аймактарда инвестициялык климат начар экенин белгиленген.

Иштен бошогон мамлекеттик кызматкерлердин арасында Жолдор боюнча комитеттин төрагасы Абдурахман Абдувалиев, "Өзбекстан темир жолдору" ишканасынын жетекчиси Хуснитдин Хосилов жана транспорт жана суу чарба министринин орун басарлары Бахтиёр Камалов менен Абдусамат Муминов бар.

Өзбекстанда 9-июлда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлда добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялап, Мирзиёевди шайлоочулардын 87,1% колдоп, утканын жарыялаган.

Быйыл 30-апрелде өткөн референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Ага ылайык, президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Мындан улам 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү берилди.

65 жаштагы Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын башына мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген. Ага чейин Мирзиёев 13 жыл өкмөт башчынын кызматын аркалаган.

Андан башка бул жолу президенттикке үч киши расмий ат салышкан. Алар шайлоо өнөктүгүн дээрлик өткөргөн эмес.


XS
SM
MD
LG