Орусиянын Пермь аймагындагы Усва дарыясында 22 туристтен турган топ дайынсыз жоголду, алардын жарымы балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары 11-июлда жазышты.
Топ 4-июлда 175 чакырымдай аралыкка жолго чыккан. 9-июлда акыркы чекитте айдоочу туристтерди тосуп алышы керек болчу. Бирок топ белгиленген жерге барган эмес. Байланышка чыга элек. Куткаруучулар издөө иштерин баштады.
Mash Телеграм-каналы билдиргендей, туристтер дарыяда кайык менен сүзүүнү өз алдынча уюштурушкан.
Дагы караңыз
Одесса калаасы да жапырт аткылоого кабылдыУлан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылдыСтаткомитет ички дүң өнүм 3,9% өскөнүн жарыялады