Орусиянын күчтөрү 11-июлга караган түнү Украинанын Одесса калаасына да "жанкечти" дрондор менен жапырт сокку урду. Бул тууралуу облустун башчысы Олег Кипер билдирип, Москва Иранда чыгарылган "Шахед" учкучсуз учактарын колдонгонун айтты.
Украинанын аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, аймакка 28 дрон менен чабуул коюлуп, алардын 26сынын мизи кайтарылды.
Кулаган учкучсуз учактардын сыныктарынан эки порт терминалы, анын ичинде дан терминалында өрт чыгып, ал ыкчам өчүрүлгөнүн облус башчысы кошумчалады.
Орусиянын армиясы 11-июлга караган түнү Украинанын борбору Киевге да "Шахед" дрондору менен чабуул жасаган. Калаа бийлиги алар атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Москва буга комментарий бере элек.