Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Статкомитет ички дүң өнүм 3,9% өскөнүн жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын негизги экономикалык көрсөткүчтөрүндө жалпысынан өсүш болду. Бул тууралуу 11-июлда өлкөнүн Статистика комитети билдирди.

Мекеме биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарып, ички дүң өнүм (ИДӨ), алдын ала баалоо боюнча, былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 3,9% жогорулап, 453 миллиард сомдон ашканын, мындай өсүш негизинен товардык өндүрүштүн жана тейлөө тармагынын эсебинен болгонун маалымдады.

Ошону менен катар айрым тармактарда төмөндөө бар экени белгилүү болду.

“ИДӨ түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53,3%) тейлөө тармагына туура келип, өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда 1,1 пайыздык пунктка азайды, ал эми товар өндүрүү тармагынын үлүшү 26,9% түзүп, 2,6 пайыздык пунктка төмөндөдү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,9 пайыздык пунктка, айыл чарбасы 0,5 пайыздык пунктка жана курулушта 0,2 пайыздык пунктка төмөндөдү”, - деп билдирди статистика мекемеси.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү 2023-жылы 3,9%, 2024-жылы 4% өсөт деген жоромолун жарыялаган.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деген божомол берген. (RK)

XS
SM
MD
LG