Львовдо Орусиянын чабуулунан набыт болгондордун саны онго жетти

Соккуда көп кабаттуу үйдөгү үч подъездин жогорку эки этажы толугу менен кыйрады.

Украинанын Львов шаарында 6-июлга караган түнү жасалган Орусиянын ракеталык чабуулунан набыт кеткендердин саны кеминде он кишиге жетти. Дагы 40тан ашыгы жараат алды.

Соккуда көп кабаттуу үйдөгү үч подъездин жогорку эки этажы толугу менен кыйрады, бир катар үйлөр, имараттар жана машиналар жабыркады. Учурда куткаруу, урандыларды тазалоо иштери уланып жатат.

Бул Орусия согуш ачкандан бери аталган шаарды бутага алган эң калайман чабуул болуп калды.

Буга чейин шаарда жарык өчүп, уюлдук байланыш жакшы иштебей калганы маалымдалган. Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министрлиги ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген "Львов – тарыхый борборунун ансамбли" да жабыркаганын билдирди.

Президент Владимир Зеленский окуяны террорго теңеп, буга жооп болорун Телеграмга жазган.

Украин армиясынын маалыматына ылайык, Львовго түнкү саат бирлерде Кара деңизден "Калибр" ракеталары менен сокку урулган. Атылган он ракетанын жетөөнүн мизи кайтарылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Львовго жасалган чабуулга комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

Дагы караңыз

"Ысык-Көл" аба майданындагы суу каптоо жөнгө салынды ӨКМ 6-июлда төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылганын кабарлады Төрөбаев электр энергиясын чектөөнү катуу көзөмөлгө алууну тапшырды Жыл башынан бери кызамык жуккан миңден ашык учур катталды Караколдо жоголгон эки кичинекей кыздын сөөгү каналдан табылды