Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

"Ысык-Көл" аба майданындагы суу каптоо жөнгө салынды


"Ысык-Көл" эл аралык аэропортундагы күтүү залы.
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортундагы күтүү залы.

"Манас" эл аралык аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова "Ысык-Көл" аэропортундагы суу каптоо жөнгө салынганын "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташынча, 6-июлда мөндүр аралаш нөшөрлөп жамгыр жааганда жаандын саркынды суусу аккан түтүктөр толуп калып, мындан улам аэропрттун күтүү залын суу каптаган.

"Мүчүлүштүк жарым сааттын ичинде жөнгө салынды. Учурда аба майдан штаттык режимде иштеп жатат, каттамдар кармалган жок",-деди Курбанова.

Мунун алдында социалдык тармактарда "Ысык-Көл" аба майданынын имаратын суу каптаган видеолор жарыяланган жана айрым каттамдар жылдырылып жатканына нааразылык айтылган.

Ушул жылдын март айында шамалдан улам бул аэропорттун андан эки ай мурда гана тургузулган тосмо дубалы кулап калган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков аны подрядчы фирма өзү кайра калыбына келтирерин билдирген.

Бул аба майданы Кыргызстандагы эл аралык деген макам алган беш аэропорттун бири. "Манас "эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун курамына кирет. Тамчы айылында жайгашкан жана расмий түрдө "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту деп аталат. Анын курулушу 1975-жылы башталып, 2003-жылы пайдаланууга берилген.

2015-жылы аба майданын реконструкциялоо иштери башталып, 2016-жылы аяктаган. Ошондон бери күнү-түнү учактарды кабыл ала алат деп айтылган.

Ошол жылы аэропорт Аба транспорту эл аралык ассоциациясынын (IATA) IKU кодун алган.

XS
SM
MD
LG