Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Төрөбаев электр энергиясын чектөөнү катуу көзөмөлгө алууну тапшырды


Токтогул суу сактагычынын айланасы.
Токтогул суу сактагычынын айланасы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 6-июлда күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу жыйын өткөрдү. Республикалык штабдын отурумунда Токтогул суу сактагычындагы абал, көмүр менен камсыз кылуу жана өткөн жылы катуу сууктан улам Майлуу-Суу жана Орловка шаарларындагы окуялардын алдын алуу маселелери талкууланды.

"2023-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычына 14,34 млрд. метр куб сууну топтоо пландалса, суунун аз агып келгенен улам быйыл октябрда суунун көлөмү 12,4 млрд. метр кубду түзөрү болжолдонуп жатат. Бул көрсөткүч 2 млрд. метр куб сууга аз. Мындан улам Төрөбаев тиешелүү мекемелерге, жергиликтүү бийликке электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну, сууну азыртан сарамжал пайдаланууну тапшырды", - деп жазылган маалыматта.

Жыйында көмүрдүн баасына байланыштуу жагдай каралып, быйыл республиканын бардык аймактарында 549 отун база ачылышы керектиги айтылды. Төрөбаев анда өлкөнү толук камсыздабай туруп, көмүр экспорттолбошу керектигин эскертти.

“Облус жетекчилери жана акимдер көмүргө болгон ички бааны көзөмөлгө алууну сиздерден талап кылам. Өлкөдө көмүр казган жеке менчик компаниялар көп, сыртка экспорттоодо кара отундун баасын жосунсуз жогорулатпасын жана ортого түшүү деген болбосун. Эгерде жеке көмүр казуучу компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда, ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса, Министрлер Кабинети экспортту жабат. Биринчиден, көмүр казуучу компаниялар бюджеттик мекемелердин жана калктын көмүргө болгон керектөөсүн жабыш керек”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Өткөн айда Токтогу суу сактагычтагы суунун көлөмү кайрадан 9 млрд. куб метрден өйдөлөгөн. Былтыр, мурдагы жылдары бул маалдарда көрсөткүч 10-11 млрд. болсо, төрт-беш жыл алдын станция жайга барып 13-14 млрд. көлөм суу топтоп келген.

XS
SM
MD
LG