Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев жогорку окуу жайлардын, мектептердин жана өзүнүн атындагы фонддун жогорку камкордук кеңештеринин төрагасы макамынан ажырады. Буга байланыштуу өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев "Назарбаев атындагы университеттин макамы", "Назарбаев интеллектуалдык мектептери" жана "Назарбаев фонду" тууралуу мыйзамдарды өзгөртүү долбооруна кол койду.
Өзгөртүүлөргө ылайык, жогорку камкодук кеңешинин төрагасы болуп мындан ары президент же ал дайындаган адам болот. 2011-жылы кабыл алынган мыйзамда бул кеңештин төрагасы Нурсултан Назарбаев экени жазылган.
Өткөн айда Казакстандын Кылмыш кодексинен өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди кемсинтүү жана ар-намысына шек келтирүү үчүн жоопкерчиликке тартуу нормасы алып салуу каралып жатканы белгилүү болгон.
Жыл башында Токаев "Казакстандын биринчи президенти – Элбашы тууралуу" мыйзамдын күчүн жокко чыгарган жарлыкка кол койгон.
Мыйзамда Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар, анын ичинде мамлекеттин эсебинен өмүр бою коопсуздугун каржылоо жана күзөт берүү каралган.
Мындан тышкары Токаевдин жарлыгы менен Назарбаев өзү ээлик кылган мүлктөрдүн кол тийбестигинен, анын жакындары жеке кол тийбестигинен ажыратылган.
Анын алдында Конституциялык сот "Казакстандын биринчи президенти – Элбашы тууралуу" мыйзамды күчүн жоготту деп таап, ал казак парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында жактырылган.
Казакстанда 30 жылдай бийликте турган Назарбаевдин жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигурага айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт. Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлкүн "күмөндүү каражаттарга" сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылган учурлар болгон.
Токаевдин саясий оппоненттери анын демилгелери жылдап гүлдөгөн коррупциядан, автократиялык системадан арылууга багытталбаганын сындап келишет.