Столтенберг НАТОнун баш катчысы кызматын дагы бир жыл аркалайт

Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-июлда Түндүк Атлантика альянсын дагы бир жыл жетектей турганын билдирди.

"НАТОдогу өнөктөштөрдүн баш катчылык мөөнөтүмдү 2024-жылдын 1-октябрына чейин узартуу чечими мен үчүн сыймык", - деп жазды ал.

Столтенберг Европа менен Түндүк Американын ортосундагы трансатлантикалык альянс эркиндикти жана коопсуздукту дээрлик 75 жыл бою камсыз кылып келатканын кошумчалады.

"Барган сайын кооптуу дүйнөдө биздин альянс болуп көрбөгөндөй маанилүү", - деди ал.

Быйыл февралда Столтенберг мөөнөтү октябрда аяктай турганын билдирген. 3-июлда НАТОнун мүчөлөрү анын мандатын узарта турганы белгилүү болгон.

Норвегиянын 64 жаштагы мурдагы премьер-министри НАТОнун Брюсселдеги штаб-үйүндө 2014-жылдын 1-октябрында азыркы кызматына киришкен.

Ал альянсты бир нече эл аралык кризистердин тушунда жетектеди. Орусиянын Украинадагы согушун кескин сындап келет.

НАТОго 31 мамлекет мүчө.

Дагы караңыз

Казакстанда журналист Амангелди Батырбеков 20 суткага камалдыБайсалов ЕККУнун өкүлү менен басма сөз эркиндигинин абалын талкууладыӨкмөт "Мегакомду" ("МЕГА") 14,6 млрд. сомго баалап, сатыкка чыгарды