Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Байсалов ЕККУнун өкүлү менен басма сөз эркиндигинин абалын талкуулады


Тереза Рибейро.
Тереза Рибейро.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 4-июлда Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

"Байсалов Кыргызстан басма сөз эркиндигин чыңдоо үчүн аталган уюм менен кызматташууну улантууга кызыкдар экенин айтты", деп жазылган маалыматта.

"Кыргызстанда эркин жана демократиялуу өлкө катары көз карандысыз медианын толук иштешине бардык шарт бар. Сөз эркиндиги коомдун негиздеринин бири. Бүгүнкү күндөгү коомдогу сөз эркиндигинин чектелиши тууралуу талкуулар дүйнө жүзүндөгү талкууларга эле окшош",-деген Байсалов.

ЕККУ бул жолугушуу тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG