Орусия дрондордун чабуулун "террордук акт" деп атады

Внуково аэропорту. Иллюстрация.

Орусиянын Коргоо министрлиги Жаңы Москва аймагындагы жана Москва облусундагы объектилерге беш дрон менен "террордук чабуул" жасалганын жарыялады. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова да окуяны "террордук акт" деп атады.

4-июлда эртең менен Внуково-3 өкмөттүк аэропортуна жакын жерди учкучсуз учактар бутага алганы кабарланган.

Расмий маалыматта бардык дрондор жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылат. Аэропорт эки саат иштебей турган. Орус бийлиги дрондордун чабуулун Украинадан көрдү. Киев буга комментарий бере элек.

Орус бийлигинин өкүлдөрү 30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганын кабарлашкан. Шаардын мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар бир аз жабыркаганын билдирген.

Дагы караңыз

Акыйкатчы балдарга карата зомбулук коомдогу глобалдык көйгөй экенин белгиледиОрус күчтөрүнүн аткылоосунан Херсондо эки, Донецкиде бир киши каза тапты Эки айдан бери суусу жок отургандар өкмөткө нааразылыгын айтышты