Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Акыйкатчы балдарга карата зомбулук коомдогу глобалдык көйгөй экенин белгиледи


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн системалык өзгөрүүлөр болушу керектигин билдирди.

Ал мындай оюн ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм менен жолугушканда айтканын Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 4-июнда кабарлады.

Жолугушууда интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маселелери, Ирактан алып келинген жана туугандарынын колунда жүргөн балдардын укуктары тууралуу сөз болгон.

Жаманбаева учурда балдарга карата зомбулук глобалдык көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын, бул маселени чечүү үчүн жашы жете электердин укугун коргоо жаатында иштеген мамлекеттик мекемелер менен биргелешкен жумуштарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

"Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй узак убакыт бою балдар мекемелеринде тарбиялангандар социалдык жана эмоционалдык жактан өнүгүүдөн артта калууда. Буга байланыштуу 2022-жылы ЮНИСЕФтин катышуусу менен балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмү өлкө аймагында эки изилдөө жүргүздү. Анда Ирактан алып келинген жана жакын туугандарынын колунда жүргөн балдардын укуктары жана Кыргызстандагы интернат тибиндеги мекемелердин абалы камтылды. Жыйынтыгында бир катар көйгөйлөр аныкталды”, - деди акыйкатчы.

Жольм интернат тибиндеги жайларда тарбияланган балдардын укугун коргоодо Акыйкатчы институтунун мамлекеттик мекемелер менен тыгыз кызматташуусу маанилүү экенин, бул жааттагы көйгөйлөр ЮНИСЕФке да маалым болгонун белгиледи. Ал Ирактан алып келинген балдарга мониторинг жүргүзүүнү улантуу керектигин айтты.

2021-жылы 16-мартта Ирактан 79 бала Кыргызстанга кайтарылган. Бул гуманитардык миссияга БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жардам берген.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 11-апрелде Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана укук тартиби боюнча комитеттерге көзөмөл органынын 2022-жылдагы иши боюнча отчет берген.

Анда былтыр балдарга карата жасалган кылмыш боюнча 1719 иш козголуп, 458и сотко жөнөтүлгөнү айтылган. Анын ичинен 512 иш өндүрүштөн кыскартылып, 283 иш убактылуу токтотулган. Алардын 42си башка иштерге бириктирилсе, 427 кылмыш иш кийинки жылга калган.

XS
SM
MD
LG