Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Эки айдан бери суусу жок отургандар өкмөткө нааразылыгын айтышты


Суу маселесин айткан тургундардын өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен жолугушуусу. 2023-жылдын 3-июлу, Сокулук району.
Суу маселесин айткан тургундардын өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен жолугушуусу. 2023-жылдын 3-июлу, Сокулук району.

Чүйдүн Сокулук районунун Орок жана Селекционное айылдарында таза суу маселеси дагы эле курч көйгөй болууда. Селекционное айылынын тургуну Мирлан Жоокаев 4-июлда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жергиликтүү тургундар өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен жолуккандан кийин дагы бир жума күтүүгө макул болушту.

Анын айтымында, бул айылдардын ичүүчү суусу борбор калаанын “Бишкексууканал” ишканасына карайт:

“Эки ай болду, суу жок. Бир жумада бир чыгарып коюшат 1-2 саатка, болду. Бир жума ичинде чечип беребиз деди Акылбек Жапаров ичүүчү суу маселесин. Ар кайсы жактан ташып келмей. Айыл өкмөткө айтсак, алар бюджетте акча жок дешет. Мэрия бир жума мурда алып келди водовоз менен. Ал келсе келет, келбесе жок. Эл "бүттү, Акылбек Жапаров өзү келгенден кийин бир жума көрөбүз, болбосо кайра чыгабыз" дешти”.

Акылбек Жапаров 3-июлда аталган айылдардын тургундары менен жолукканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айтты.

“Бизге убакыт бергиле, 2-3 жыл ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы суу менен камсыз кылуу маселесин толук чечебиз”, – деген Жапаров Бишкек мэриясына аталган айылдарды бир жума ичинде жадыбал боюнча таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырды.

Жолугушуунун социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеосунан эки айдан бери суусуз отурган жергиликтүү тургундар ачкачылык жарыялоого даяр экенин айтып жатышканын көрүүгө болот.

Бишкектин четиндеги бир нече жаңы конуштун жана Сокулуктун шаар менен чектешкен айылдары таза суусу жок отурганы жаздан бери айтылып келе жатат. Алар бир нече жолу нааразылык акциясын да уюштурушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG