Каза болгондордун төртөө бир үй-бүлө мүчөлөрү, калган экөө да бир үй-бүлөдөн.
Баары Алай районунун тургундары экени белгилүү болду.
Окуя 24-июнь күнү магистралдын 93-чакырымында орун алган. Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы “Азаттыка” билдиргендей, Ош тарапты көздөй бара жаткан жеңил машине менен Эркечтамга бараткан оор жүк ташуучу автоунаа кагылышкан.
Маркумдардын сөөгү 25-июнда жерге берилди.
Ушул айдын башында Бишкек–Ош автожолунун Суусамырдын тушундагы тилкесинде жол кырсыгынан 14 адам жабыркап, алты киши көз жумган.
Майдын аягында Токмоктогу жол кырсыгы сегиз адамдын өмүрүн алган, анын бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү эле. (DSh)
Дагы караңыз
"Орусиядан көчүрүлгөн жана аткаминерлерди жактайт". Кооптондурган ЖМК мыйзамы Орусиядагы текшерүүлөр: Кезек кыргыз мигранттарына жеттиби?Түндүк Кореяда АКШга каршы жүрүш өттүИманкулов "Вагнердин" Орусиядагы козголоңу тууралуу пикирин айтты Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук боюнча иш: Зыяндын орду толтурула элек Украина контрчабуулда 130 чарчы километр аянтты бошотту