Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Орусиядагы текшерүүлөр: Кезек кыргыз мигранттарына жеттиби?


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Орусияда иштеп жүргөн мигранттар текшерүүлөр күчөгөнүнө даттанууда. Мындай көрүнүшкө нааразы айрым кыргызстандыктар президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылды.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул маселе каралып жатканын айтып, бирок мигранттарды мыйзамды так сактоого чакырды. Буга чейин Орусиянын бир нече аймагында иштеген тажик жарандарын текшерүү күчөгөн болчу.

"Полиция 14 кишини алып кетип баратат..."

20-июнда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын видео кайрылуусу социалдык тармактарга тарады. Анда Москвада кармалган ондон ашуун кыргыз мигранты күч органдарынын атайын автоунаасында кетип баратып, кыргыз президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан. Алардын арасында кош бойлуу келиндер да бар экенин видеодон көрүүгө болот.

Автоунаадагылардын бири аларды негизсиз кармашканын, бирок буга Кыргызстандын Москвадагы элчилиги реакция кылбай жатканына даттанат.

Москвада кармалган кыргыз мигранттарынын бирин президент Жапаровго видео кайрылуу жасады.
Москвада кармалган кыргыз мигранттарынын бирин президент Жапаровго видео кайрылуу жасады.

“Бир эле полиция бөлүмүнөн 14 кишини алып кетип баратат. Дагы башка жерлерден да ондогон мекендешибиз ушинтип барып соттолуп кетүүдө. Бизди кармагандан кийин дароо элчиликке кайрылалы деп, телефон чалдык, бирок албай коюшту. Эч кандай жардам жок. Көбүбүздүн документтерибиз туура, ага карабай соттойт азыр. Сот болуп жатканда бизди киргизбейт, эшикте туруп чечимдерди колго алып жатабыз. Котормочу, юрист өңдүү жардамдарды такыр унуттук. Президент мырза, ушу маселелерге көңүл буруп, биздин элчиликтин ишин текшерүүңүздү өтүнөбүз”.

Сахароводогу миграция борборуна күч органдары каомап баргандардын арасында Саадаттын бир уулу бар. 22 жаштагы Эрнисти полиция 19-июнда кармаган. Бирок Саадат баласынын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт.

“Чертановская метросунда болгон окуя. Уулума “мас болуп кармалды” деп туруп протокол түзүп, Сахарового жиберип салды. Ал беш маал намаз окуган, колуна тамеки албаган бала. Сот 2022-жылдын этегинде эле уулумду "каттоосу жок" деп, өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Бирок биз юристтер менен иштешип, сотко апелляциялык арыз жазып, иш аяктап калган. Полиция ага карабай кайрадан Сахароводогу борборго жөнөттү. Болбосо балам апелляциялык арыз бергенден бери бош отурган, иштетпей эле жүргөнбүз”.

“Нелегал” рейди

Учурда Орусиянын ири шаарларында “Нелегал” рейди жүрүүдө. Анын алкагында Борбор Азиядан барган мигранттар кармалып жатканы тууралуу видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга байма-бай тарап жатат.

Москвада беш жылдан бери эмгектенип жүргөн 28 жаштагы Үмүттү 15-июнда полиция кызматкерлери көчөдө баратканда кармап, бөлүмгө алып барган.

“Полиция кызматкерлери кармап, бөлүмгө алып баргандан кийин ал жерде үч күн түнөдүм. Ал убакта документтерим сотко өтүп, мени өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынган экен. Полиция кызматкерлери келип, он күн ичинде Орусиянын аймагынан чыгып кетишим керек экенин айтып, убактылуу камоочу жайдан чыгарышты. Кыргызстандын Москвадагы элчилинде иштеген юристтерге кайрылсам, алар “чыгып кетишиң керек” деген сөздөр менен гана чектелишти”.

Москвадагы кыргызстандыктарга укуктук жардам берген активист Чынарбек Базарбаев мындай көрүнүштөргө көп учурда мигранттардын өздөрүнүн шалаакылыгы себеп болуп жатканын айтууда. Анын айтымында, көптөгөн кыргыз мигранттары каттоосу тууралуу жасалма документ сатып алып, жыйынтыгында полициянын колуна түшөт. Ошондой эле элчиликти эмгек мигранттары менен иш жүргүзбөйт деп сындады.

Чынарбек Базарбаев
Чынарбек Базарбаев

“Москвада эки айдан бери интернет жакшы иштебей, мигранттардын каттоосу бар база үзүл-кесил иштеп жатат. Муну күч органдарынын кызматкерлери деле моюнуна алууда. Жаңы базага ылайык, мигранттардын убактылуу каттоосу тууралуу маалымат чыкпай атат. Мындан улам иш тез эле сотко өтүп, үйдүн ээси менен бүт маалымкаттарды алып, процесстерде көрсөтүүгө аргасызбыз. Бирок мындай учурлар аз. Көпчүлүктүн колунда турган документи туура эмес. Алар эки-үч айдан кийин Кыргызстанга кетем деп документин узартпай койгондор, иш берүүчү менен эмгек келишимин түзбөгөндөр. Күнүнө эле мага жүздөн ашык кайрылуу түшөт, анын 99% туура эмес документтин айынан кармалгандар”.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык мигранттар Сахароводогу миграция борборуна барып, каттоодон өтүп келиши керек. Бул үчүн мекендештер эки-үч күндүк убактысын бөлүшү зарыл.

Бирок көпчүлүк Сахарового барбай, маселени тез чечүү жолдорун издейт. Мындан улам жарнама аркылуу тапкан алдамчылардын колуна түшкөндөр аз эмес экенин Чынарбек Базарбаев кошумчалады.

“YouTube, Телеграм же WhatsАpp аркылуу тараган жалган маалыматтарга ишенип алгандар кийин анын азабын тартууда. Жарнамада “Сахаровага барбай эле документиңди тез жана арзан бүтүрүп берем” деп жазылат. Албетте, бул жагымдуу сунуш. Бирок Москвада жүргөн кыргызстандыктар эле ал үчүн беркилерден олчойгон акча алат да же каттоосун жасап бербейт, же башка документин тууралап бербейт. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкө болгондуктан “бизге текшерүү болбойт” деп ишенип алгандар абдан көп. Бул да документтерди тууралабагандыкка себеп болууда. Мигранттар арасында кылмыштуулук күч алгандыктан да текшерүүлөр күчөдү. Полиция кармагандардын 90% документи туура эмес. Бул жерде маселе консулдук жана элчиликте. Алар түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатат. Элибиздин каттоо тууралуу так маалыматы жок”.

Бир жыл мурда каттоосу туура эмес болгон мигранттар 5 миң рубль айып пул төлөп, Орусиянын аймагында ишин уланта берүүгө уруксат болсо, азыр соттор дароо эле беш жылга чыгарып жиберүү” чечимин кабыл алууда.

"Ар бир кайрылуу көзөмөлдө турат"

Москвадагы элчиликтин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова журтташтарга өз убагында жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Назгүл Жусубакунова
Назгүл Жусубакунова

"л эми видео кайрылуу жасагандар боюнча элчилик кыргыз диаспора бирикмелеринин ресурстарын колдонуу менен видео кайрылуунун авторлорунун тек-жайын жана алардын жүргөн жерин аныктоо боюнча чараларды көрүүдө. Элчилик укук коргоо ишинин алкагында бул мекендештерге карата жеке маалыматтар келип түшкөн учурда сөзсүз түрдө тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт. Андан тышкары мекендештерге максималдуу жардам көрсөтүү үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктө алардын кайрылууларына ыкчам жооп үчүн түз байланыш номурлары иштеп жатат. Ар бир кайрылуу көзөмөлдө".

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишине сын-доомат көп айтылып келет. Өткөн жылдын август айында Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Мунун алдында Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурган жолугушууга байланыштуу сын-доомат айтылган. Анда кыргызстандык мигранттар элчинин келбей койгонуна нааразы болушкан.

Бир айдан кийин, сентябрдын башында Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы менен "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында мигранттар маселесинен улам Гүлнара-Клара Самат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматтан бошотууну президенттен сунуш кылган.

Элчи менен министр буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Соңку мезгилде Орусияда эмгектенип жүргөн борбор азиялыктарга, айрыкча тажик жарандарына көзөмөл күчөгөнү айтылган. Буга чейин
Орусиядагы тажик эмгек мигранттары күч түзүмдөрүнүн зомбулугуна кабылып жатканы маалым болгон.


“Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, май айында полиция жүздөгөн тажик мигрантын кармап, сабап, ондогон киши депортация болду.

Кара жумушта иштегендер гана эмес, мисалы, Комсомольск-на-Амуре шаарында окуган тажик студенттеринин тобу аларды милициянын атайын түзүмүнүн (ОМОН) кызматкерлери аёосуз сабаганын айтып беришкен.

Кыргызстан Тажикстандан айырмаланып, Орусия менен биргеликте Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Бул уюмдун ичинде башкы артыкчылыктардын бири катары бул өлкөлөрдүн жарандары тоскоолдуксуз аймакта миграцияга чыгып, жашаган жерин эркин тандоого, эмгек эркиндигине, иштин түрүн жана кесипти эркин тандоо жана башка артыкчылыктарга ээ болушу кажет экени айтылган.

Бирок бир катар эксперттер ЕАЭБдин ишин сындап, кагаз бетине жазылган макулдашуулар аткарылбай жатканын белгилеп келет.

Орусияда расмий 650 миң кыргыз мигранты бар экени маалымдаган, бейрасмий алардын саны бир миллиондон ашык. Ал эми тажик мигранттарынын расмий саны бул өлкөдө 333 миң кишини түзөрү айтылат.

XS
SM
MD
LG