Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук боюнча иш: Зыяндын орду толтурула элек


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) реконструкциялоодогу коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурула элек. Бул тууралуу бүгүн 26-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Депутат Чыңгыз Айдарбековдун “Долбоордун алкагында кандайдыр бир акча кайтарылып берилдиби?” деген суроосуна министр “Жок” деп жооп берди жана сот иштери толук аяктай элек болгондуктан мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасы белгисиз экенин кошумчалады.

“ТBEAнын долбоору боюнча беш кылмыш иши козголгон долбоорду жүргүзгөн бөлүмдү кошкондо. Кылмыш иши козголгон адамдар Сапар Исаковдон башкасынын баары боштондукта”.

ЖЭБди жаңылоо долбоорун Кытайдын “Эксимбанкы” бөлгөн 386 миллион долларлык насыясына кытайлык TBEA компаниясы ишке ашырганы, Кыргызстан бул насыяны 500 миллион доллар кылып кайтарып бериши керек экени айтылган.

Реконструкциялоо долбоору 2017-жылы аяктаган. 2018-жылы январь айында ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген. Мындан башка да айыптар тагылган Исаков 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып кеткен, ага издөө жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG