Бишкекте орус валютасынын куну турукташты

Кыргызстандын Улуттук банкынын имараты. Бишкек

Улуттук банктын 26-июндагы көрсөткүчүнө ылайык, бүгүн орус рублинин курсу 1 сом төрт тыйын болду. Ал эми коммерциялык банктарда бир рубль 1 сомдон алынып, 1 сом төрт тыйындан орточо сатылууда.

24-июнь, ишемби күнү рублдин курсу Кыргызстанда кескин төмөндөгөн. Коммерциялык банктар 1 рублди 78-90 тыйындан алып жатканы кабарланган. Рублдин арзандашына ал күнкү Орусияда Пригожиндин "куралдуу козголоңунун" таасир эткени айтылган.

Улуттук банктын 26-июндагы көрсөткүчүнө ылайык, 1 евро 94 сом 72 тыйын, 1 АКШ доллары 87 сом 30 тыйын, 1 казак теңгеси 19 тыйын.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран иштейт.

Жыл сайын Кыргызстанга Орусиядагы мигранттар 2 млрд. доллардын айланасында акча келип турат. Былтыркы 11 айда Орусиядан Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу эле 2,6 млрд. доллар акча жөнөтүлгөн. Бул 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.(ZKo)

Дагы караңыз

Таштанды полигонуна мобилдик жабдык орнотуу келишими түзүлдүКыргызстан волейбол боюнча CAVA Улуттар лигасында экинчи орунду ээледиЖогорку Кеңеште дагы бир нече депутат "агент" мыйзамынан баш тарттыТИМ: Иркутскидеги калайман мушташта кыргызстандык 5 жаран жаракат алганКазакстан: Январь окуясында бир үй-бүлөнү атып өлтүргөн деген аскерге өкүм чыктыБайден жана Зеленский коопсуздукту, Орусиядагы окуяларды талкуулашты