Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Таштанды полигонуна мобилдик жабдык орнотуу келишими түзүлдү


Таштанды полигону.
Таштанды полигону.

Бишкектин таштанды полигонунда таштандыны сорттоочу жабдык иштей баштай турганын бүгүн 26-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде депутаттарга маалымат берип жатып борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Анын айтымында, жабдык чехиялык компания менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоор алкагында орнотулуп, август айынан тартып иштей баштайт деп пландалууда:

“Азыркы кезде Бишкекте пилоттук негизде 10 сорттоочу пункт иштеп жатат. Келишим түзүлдү, 1-августтан кийин полигонубузга сорттоочу мобилдик жабдык келет. Август айы ишке кирет деп күтүп жатабыз”.

Бишкектин таштанды маселеси көптөгөн жылдан бери чоң көйгөй болуп келе жатат. Шаар четиндеги таштанды полигонун иретке келтирүү, рекультивация иштерин жүргүзүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (EBRD) убада кылган 22 миллион евросунун 12 миллиону келген. Ал акча кандайча сарпталганын эсептеп чыгышканда кайсы бир бөлүгүнүн дайыны табылбай калгандыктан кеминде беш кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда таштандыны тийиштүү коммуналдык кызматтарга кагаз, айнек, пластик жана башка деп өз-өзүнчө бөлүштүрүп тапшыруу маданияты калыптана элек.

Шаардын четиндеги гектарлаган аянтты ээлеген таштанды полигонунан чыккан түтүн, ыш, зыян заттар экологиялык курч көйгөй экенин адистер айтып келатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG