Селге байланыштуу Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨМК) билдирди.
21-июнь күнү кечке жуук аймакта катуу жаандан кийин сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын, үч социалдык объектинин (бир мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум-шагыл аралаш сел суулары каптаган. Бир электр мамысын сел агызып кетип, электр берүү убактылуу токтотулган. Сопу-Коргон – Терек ички чарбалык жолунун 7-чакырымында үч тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
23-июнда саат 07:30да селдин кесепеттерин жоюуга райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылды.
ӨКМ 20-22-июнь күндөрү нөшөрдөн улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү, дарыяларда суу көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен.
21-июнда Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланган. (КЕ)
Дагы караңыз
Адвокат Жээнбековдун абактагы жубайынын абалы начарлап кеткенин билдирди"Титаникти" изилдөөгө түшкөн кеменин экипажы набыт болгону аныкталдыОрусия-Кыргыз фонду активдери бөгөттөлгөнүн ырастай да, төгүндөй да элек Кытайга аткезчилик менен сайгактын мүйүздөрүн сатууга бөгөт коюлду