Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Кытайга аткезчилик менен сайгактын мүйүздөрүн сатууга бөгөт коюлду


Сайгактын сатууга даярдалган мүйүздөрү. Бишкек. 23-июнь, 2023-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.
Сайгактын сатууга даярдалган мүйүздөрү. Бишкек. 23-июнь, 2023-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аткезчиликке каршы күрөш алкагында Кытайга мыйзамсыз сатылганы турган 160 кг (845 даана) сайгактын мүйүзү алынды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, сайгактын мүйүздөрү Кыргызстанга чет жактан мыйзамсыз киргизилип, Кытайга аткезчилик менен ташылып бара жатканы аныкталган. Кылмышка шектүүлөр жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган.

Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин адистеринин айтуусунда жана экологиялык-техникалык экспертизанын жыйынтыгында мүйүздөр "Сайга татарика" түркүмүндөгү сайгактарга таандык экени ырасталган.

Сайгактар өткөн кылымда толугу менен кырылып, эл аралык Кызыл китепке "Жок болуу алдында турган түрлөр" макамында киргизилген. Сайгактын бул түрү Казакстан, Батыш Монголия, Өзбекстан жана Орусияны байырлайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG