Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аткезчиликке каршы күрөш алкагында Кытайга мыйзамсыз сатылганы турган 160 кг (845 даана) сайгактын мүйүзү алынды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, сайгактын мүйүздөрү Кыргызстанга чет жактан мыйзамсыз киргизилип, Кытайга аткезчилик менен ташылып бара жатканы аныкталган. Кылмышка шектүүлөр жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган.
Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин адистеринин айтуусунда жана экологиялык-техникалык экспертизанын жыйынтыгында мүйүздөр "Сайга татарика" түркүмүндөгү сайгактарга таандык экени ырасталган.
Сайгактар өткөн кылымда толугу менен кырылып, эл аралык Кызыл китепке "Жок болуу алдында турган түрлөр" макамында киргизилген. Сайгактын бул түрү Казакстан, Батыш Монголия, Өзбекстан жана Орусияны байырлайт.(ZKo)
Дагы караңыз
Грузин активисттери Кыргызстандын жарандык коомунун абалына кабатырКыргызстандын мектептеринде аттестат тапшыруу салтанаты өтүп жатат"Кыргызстандагы терс көрүнүштөр инвестицияга кедергисин тийгизет""Титаникти" изилдөөгө түшкөн кеменин экипажы набыт болгону аныкталдыЖер ортолук деңизинде кыйраган кемеде 209 пакистандык мигрант мерт болду