Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Грузин активисттери Кыргызстандын жарандык коомунун абалына кабатыр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Грузиянын бейөкмөт уюмдары Кыргызстандагы жарандык коомго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунуч жаратып жаткан мыйзамдарга каршы турууга эл аралык коомчулукту чакырган кайрылуу таратты.

Кайрылууга 60тан ашуун уюм кол койгон.

Активисттер бул мыйзамдар өлкөдө эркин жарандык коомду бөгөттөөгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешүүдө.

Кайрылуу ээлери акыркы айларда Кыргызстанда жарандык коом жана эркин маалымат каражаттарына каршы репрессия күч алганын белгилеп, анын ичинде кылмыш куугунтугу, экстрадиция, ири суммага айыпка жыгуу, фейк-аккаунттар аркылуу жалган жалаа жана кибербуллинг
колдонулуп келе жатканын, эркин жарандык коомго каршы зомбулукка чакырган митингдер уюштурулуп жатканына да кабатыр экенин билдиришкен.

"Биз эл аралык өнөктөштөрүбүздү - уюмдарды, ЖМКларды, активисттерди Кыргызстандын эркин маалымат каражаттарын жана активдүү жарандык коомун колдоого чакырабыз", - деп жазылган кайрылууда.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга 15-майда чыгарган. Медиа тармагынын өкүлдөрү алардын сунуш-пикирлерин бийлик укпай койгонун, эгер мыйзам азыркыдай редакцияда кабыл алынса, сөз эркиндиги чектелип каларын айтып жатышат. Бийлик андай дооматтарды четке кагууда.

Мыйзамга каршылыгын бир катар жергиликтүү уюмдар да билдиришкен.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун парламент депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, долбоордо ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда карайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG