Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Жер ортолук деңизинде кыйраган кемеде 209 пакистандык мигрант мерт болду


Жер ортолук деңизиндеги мигранттардын кайыгы. (Архивдик сүрөт)
Жер ортолук деңизиндеги мигранттардын кайыгы. (Архивдик сүрөт)

Пакистандын Федералдык тергөө агенттиги Жер ортолук деңизинин Грекия тарабында 209 адам сууга чөгүп мерт болгонун Reuters агенттигине 22-июнда кабарлаган. Жүздөгөн мигрант түшкөн чакан кеме ачык деңизде көмөрүлүп, чөгүп кеткен.

Кырсык Грекиянын жээгинде 14-июнда болгон. Набыт болгон мигранттардын жакындарынын маалымдашынча, кеме Ливиядан чыккан.

Мурдараак кемедеги 181 киши пакистандык, 28и Кашмирден болгону кабарланган. Медицина кызматкерлери 200дөн ашуун үй-бүлөнүн генетикалык үлгүлөрүн чогултту.

Күбөлөрдүн айтуусунда, узундугу 20-30 метрлик кемеде 400 чамалуу адам бараткан.

Пакистан бийлиги 21-июнда билдиргендей, адам аткезчилигине шектелген жети киши кармалды. Алар пакистандыктарды Европага мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүүгө шектелип жатканын полиция билдирген.

Африканын түштүгүндөгү жакырчылыктан, Жакынкы Чыгыштагы туруксуздуктан улам Европага жетүүнү самап, мыйзамсыз, талапка жооп бербеген кайыктарга түшкөн миңдеген мигранттар көбүнчө Ливия аркылуу ушул деңиз жолун тандашат.

Эл аралык уюмдар жыл сайын бул жолдо жүздөгөн мигранттар сууга чөгүп өлөрүн маалымдап келет.

XS
SM
MD
LG