Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды

Руслан Казакбаев

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Расмий маалыматка караганда, Түркиядагы элчи Израилдеги кызматын Анкарада туруп айкалыштырып иштейт.

Казакбаев былтыр ноябрь айында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрель айына чейин тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Кыргызстан менен Израилдин ортосунда дипломатиялык байланыш 1992-жылы түзүлгөн.(КЕ)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: абактагы 16 киши сотто гимн ырдагандан кийин залдан чыгарылдыМадумаров боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу жабык каралууда Жогорку Кеңеш Байсаловду кызматтан алуу тууралуу токтом кабыл алдыЭдил Байсалов менен депутаттардын тиреши