Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Мадумаров боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу жабык каралууда 


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечимин жабык кароодо. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев документте жашыруун маалыматтар бар экенин белгилеп, маселени жабык кароону сунуштап, көпчүлүк колдоду.

Буга чейин төрага Нурланбек Шакиев комиссия чечими парламенттин Координациялык кеңешинде каралганын айтып, маселе күн тартибине кезексиз киргизилген.

Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими кандай болгону азырынча белгисиз. Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат же четке кагылат.

Комиссия 21-июнда кезектеги отурумун жабык өткөргөн. Парламенттеги “Азаттыктын” булагы 21-июнда комиссия мүчөлөрү бир чечимге келе албай, жыйын 22-июнга калганын айтып берген. Мунун алдында айрым маалымат каражаттары "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын маалыматына таянып, комиссия Мадумаровду камоого уруксат берген корутунду чыгарганын жазышкан. Кийин аталган фракция бул маалыматты "фейк" деп атады.

31-майда Шакиев баш прокурордон Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Башкы прокуратура ушуну менен Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Мадумаров өзүнө "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" билдирген.

Ошол кезде түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, аны парламент колдогон.

XS
SM
MD
LG