Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Кемпир-Абад иши: абактагы 16 киши сотто гимн ырдагандан кийин залдан чыгарылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттары. Биринчи Май райондук соту, Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттары. Биринчи Май райондук соту, Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.

22-июнда Биринчи май райондук сотундагы Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угууда абакта отурган айыпталуучулар гимнди эки ирет ырдаганы үчүн судья аларды сот залынан чыгарды.

Адвокаттар сот ишинин ачык өтүшүн, абактагыларды үй камагына чыгаруу боюнча келтирген өтүнүчтөрүн кароо үчүн танапис жарыялап, кеңешмеге кетти.

Анын жыйынтыгында жумуш күнү аяктады деген жүйө менен ишти кароонун мөөнөтү 23-июнга жылды.

Райондук сот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарга байланыштуу ала угууну жабык кароого киришти.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн соң сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZEg/ZKo)

XS
SM
MD
LG