Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов парламенттин 21-июндагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык мыйзамдарды эң көп бузган мекмелерди атады. Ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда (ФУГИ), Салык кызматында, Бажы кызматында бюджеттин аткарылышы боюнча эң көп мыйзам бузуулар катталганын билдирди.
"Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына "Кумтөр голд компани", "Кыргыз темир жолу", "Манас" эл аралык аэропорту кирет. Бюджеттик мекемелерден Салык жана Бажы кызматында көбүрөөк мүчүлүштүктөр кетип, биз аларды көрсөтүп бергенбиз. Ошонун эсебинен кийинки жылдын бюджети көтөрүлгөн", - деди Акматов.
Анын айтымында, "Кыргыз темир жолу" ишканасында 6,5 млрд. сомго чейин, "Манас" эл аралык аэропортунда 4,5 млрд. сомго чейин каржылык мыйзам бузуулар катталган.
Акматов Энергетика, Айыл чарба, Санариптик өнүктүрүү, Транспорт жана коммуникациялар министрликтеринин эки жылдык иши текшерилип жатканын кошумчалады.
Жогорку Кеңеш сессияда Эсептөө палатасынын төрагасынын 2022-жылда жасаган иштери боюнча отчетун угуп, кабыл алды. (КЕ)
Дагы караңыз
Казакстанда Державинск шаарынын аталышы Кенесары деп өзгөртүлдүӨКМ: Тогуз-Тородо өзгөчө кырдаал жарыяланды Төрөбаев: Жол курууга быйыл 6 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнөтУкраин бийлиги Москва өткөрүп берген үч туткунду Венгриядан чыгарып кетти