Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Украин бийлиги Москва өткөрүп берген үч туткунду Венгриядан чыгарып кетти


Будапешт.
Будапешт.

Украинанын Будапешттеги элчилиги украиналык үч туткунду Венгриядан чыгарып кетти. Бул тууралуу шейшемби күнү Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Олег Николенко Фейсбук баракчасына жазды.

"Украиналык дипломаттар согуш туткундарынын кайрылуулары боюнча Координациялык штаб жана Украинанын башка органдары менен биргеликте Орусиядан Венгрияга чыгарылган украиналык коргоочуларды мекенине кайтаруу боюнча активдүү чараларды көрүүнү улантууда", - деп жазды Николенко.

Буга чейин Орус православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү 8-июнда “чиркөөлөр аралык кызматташуунун алкагында” жана “венгриялык тараптын өтүнүчү менен” туткунга түшкөн украин аскерлеринин тобу Венгрияга өткөрүлүп берилгенин билдиришкен. Бул маалыматты Венгрия вице-премьер-министри Жольт Шемьен ырастады.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов шейшемби күнү "Азаттык" радиосунун украин кызматына курган маегинде, орус тарап украиналык согуш туткундарын Венгрияга өткөрүп бергенден кийин алар бошотулбаганын айткан.

Юсов бул тууралуу бир нече туткундун жакындарынан алынган маалыматтарга таянып билдирген. Маалыматка караганда, туткундар көзөмөл алдында турушат жана алар менен байланыш чектелген.

"Бир нече ай мурун Венгрия Орусиядан сураган адамдардын тизмеси бар . Анда 13 адамдын аты-жөнү бар. Болжол менен он бир туткун которулган", - деди Андрей Юсов.

Ал Орусиянын Коргоо министрлиги туткундардын которулганын ырастабаганын, ал эми Будапешт Киевдин суроо-талабына жооп кылып , бардык расмий билдирүүлөрүндө операцияны четке кагып жатканын кошумчалады.

ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, Венгрия премьер-министринин кеңсесинин башчысы Гергей Гуйяш 19-июнда билдиргендей, "Орусиядан Венгрияга өткөрүлүп берилген он бир закарпатьялык (Украинанын батышындагы аймак) согуш туткундары Венгриянын аймагында жана алар азыр мындан ары согуш туткундары катары эсептелбейт, алар өз тагдырын, анын ичинде жашоону тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ".

Венгрия Орусия Украинага бастырып киргенден кийинки салынган оор санкцияларга бөгөт койгон Европа Биримдигиндеги жалгыз өлкө. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан орус президенти Владимир Путиндин Европадагы саналуу досторунун жана союздаштарынын бири катары белгилүү.

Будапешт менен Киевдин мамилеси согуштан кийин кыйла сууп кеткен. Бирок ага чейин деле тараптардын ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер болгон. Будапешт Киевди Украинанын батышындагы венгр этникалык азчылыгын кысымга алууда деп билдирген. Украин бийликтери Виктор Орбандын өкмөтүн Закарпатьяда паспорт таратып, Кремль менен тыгыз кызматташып жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG