Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

ӨКМ: Тогуз-Тородо өзгөчө кырдаал жарыяланды


Тогуз-Торо. 2023-жылдын 21-июну.
Тогуз-Торо. 2023-жылдын 21-июну.

Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Нарын дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.

Мындан улам райондук жарандык коргонуу комиссиясына “Айгай” жарыяланып, Тогуз-Торого 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жеринде Нарын суусунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

ӨКМ 20-22-июнь күндөрү нөшөр жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү, дарыяларда суу көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG