Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Нарын дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.
Мындан улам райондук жарандык коргонуу комиссиясына “Айгай” жарыяланып, Тогуз-Торого 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Жеринде Нарын суусунун нугун буруу иштери жүрүүдө.
ӨКМ 20-22-июнь күндөрү нөшөр жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү, дарыяларда суу көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен.
Дагы караңыз
Төрөбаев: Жол курууга быйыл 6 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнөтМоргенштерн Бишкекте, Лепс Казакстанда концерт кое албайт Украин бийлиги Москва өткөрүп берген үч туткунду Венгриядан чыгарып кеттиШопоковдогу өрт: 95% күйүк алган кишинин абалы өтө оор