Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Шопоковдогу өрт: 95% күйүк алган кишинин абалы өтө оор


Мунай кампасындагы өрт. Шопоков шаары, Чүй. 20-июнь, 2023-жыл.
Мунай кампасындагы өрт. Шопоков шаары, Чүй. 20-июнь, 2023-жыл.

Чүйдүн Шопоков шаарында мунай базасындагы өрттөн жабыркаган төрт кишинин биринин абалы өтө оор деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу 21-июнда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди:

“Жабыркаган төрт кишинин экөө Бишкектеги Тез жардам ооруканасына санавиация менен жеткирилген. Бирөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат, анын денесинин 95% күйгөн, жалпы реанимацияда жатат. Экинчисиники канааттандырарлык, аныкы денесинен 15% күйүк алган, дарылануусу уланууда. Дагы бир киши мээси чайкалып, Сокулук ооруканасына түшкөн. Төртүнчүсү абалы канааттандырарлык болгондуктан үйүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн”.

Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан мунай базасындагы өрт 20-июнда түштөн кийин тутанган.

Милиция кырсыктын себебин иликтеп баштады.

Жалпысынан мунай куюлган 6 цистерна, бензин ташуучу 2 машина жана 4 жеңил машина күйүп кеткени маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG