Эсеп палатасы “Кыргызиндустриясы” боюнча материалдар УКМКга берилгенин билдирди

"Кыргызиндустриясынын" алдында "Кыргыз топчу" ишканасы ачылган. Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жаңыдан түзүлгөн “Кыргызиндустриясы” ишканасы "1 миллиард сомду максатсыз пайдаланганын" билдирип, толук материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берилгенин Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында маалымдады.

"Биз бул ишкананына 2023-жылы текшердик. Азыркы отчетко кирген жок. Чындыгында өзүнүн максатына жеткен эмес, каржынын бардыгы бөлөк жакка кеткен. Каражат туура эмес пайдаланылган. УКМКга материалдарды толук өткөрүп бергенбиз. Тергөө иштери жүрүп жатса керек. Биз жазган боюнча каражат туура эмес иштерге пайдаланып кеткен", - деди Акматов.

Атайын кызматтын төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев бул багытта тергөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалыматтар берилерин кошумчалады.

Парламент бул күнү Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө мекеменин төрагасынын отчетун угуп жатат.

Май айынын ортосунда Жогорку Кеңеште "Кыргызиндустрия" миллиондогон сомду негизсиз короткону айтылган. Тармактык комитеттин 16-майдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Жарасул Абдураимов баштаган ишкананын жетекчилери чоң суммадагы айлык аларын сынга алган.

65 адам иштеген жамааттын президентинин төрт орун басары, аппарат башчысы, эки кеңешчиси жана бир жардамчысы бар экенин айтып чыккан.

"Кыргызиндустриясы" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн, анын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкананын алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген.

Мурдагы Ленин заводунун базасындагы Бишкек штамптоочу заводу өлкөдөгү стратегиялык ишканалардын бири. Анда ок-дарылар өндүрүлөт. Завод Мамлекеттик мүлк фондуна карайт. Ишканада учурда 500дөн ашык эмгектенет. (КЕ)

Дагы караңыз

Төрөбаев: Жол курууга быйыл 6 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнөтУкраин бийлиги Москва өткөрүп берген үч туткунду Венгриядан чыгарып кеттиШопоковдогу өрт: 95% күйүк алган кишинин абалы өтө оорКазакстанда Державинск шаарынын аталышы Кенесары деп өзгөртүлдү