Баткен облусун өнүктүрүү боюнча “жол картасына” ылайык быйыл аймакка каралган 500 миллион сомдун 400 миллион сому которулду. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында айтты.
Маалыматка караганда, 400 миллион сомдун 21 миллион сомго жакыны гана колдонулду. Депутаттар Финансы министрлиги каражатты кеч которуп, жергиликтүү бийлик аны толук колдоно албай калып жатканын сынга алышты.
2021-жылдын 10-сентябрында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде облусту өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, жылына 500 миллион сом бөлүнүп турат.
Депутаттар тобу “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, аймакты колдоо үчүн каржыны 1,5 миллиард сомго чейин көбөйтүү сунушун берип жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Украинадагы согушту айыптаган “Би-2” тобунун Бишкектеги концерти болбой калдыОрусиялык блогерлер Луганскидеги жоготуулар үчүн генералды күнөөлөштү"Кемпир-Абад иши": Айыпталып жаткандардын кайрылуусу жарыяландыРепрессия курмандыктары тууралуу тасма Тоң районунда көрсөтүлдүИликтөө: Орусия тарапта согушкан борборазиялык 93 жаран Украинада каза болдуХерсондогу суу ташкыны кеминде 28 өмүрдү кыйдыЧолпон-Ата шаарында "Акылман" деп аталган президенттик лицей ачылат “Элкарт” улуттук төлөм картасы келерки жылы Орусияда ишке киргизилиши мүмкүн Ири алдамчылыкка шектүүнүн абак мөөнөтү узартылды