Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:26

Репрессия курмандыктары тууралуу тасма Тоң районунда көрсөтүлдү


"Чалбасы кыргыздары" тасмасы Тоң районунун Көл-Төр айылынын клубунда көрсөтүлдү.
"Чалбасы кыргыздары" тасмасы Тоң районунун Көл-Төр айылынын клубунда көрсөтүлдү.

Өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылган үй-бүлөлөрдүн тагдыры тууралуу баяндаган документалдуу тасма бүгүн 15-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда көрсөтүлдү. “Эсимде” изилдөө аянтчасы тарткан “Чалбасы кыргыздары” фильми анын каарманы Ыйманбек атанын үй-бүлөсү жашаган Көл-Төр айылынын клубунда жергиликтүү тургундардын назарына тартууланды.

Бул айылдын жашоочуларынын айрымдарынын аталары, чоң аталары үй-бүлөсү менен кошо 1930-1944-жылдары кулакка тартылып, Украинага айдалган.

Кыргызстандын XX кылымдагы жана XXI кылымдын башындагы көмүскөдө калган тарыхына арналган «Эсимде» долбоору бул күндөрү Ысык-Көл облусунда сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, документалдык тасма көрсөтүп, башка да бир катар эскерүү иш-чараларын өткөрүүдө.

“Чалбасы кыргыздары. Эсимде” тасмасы 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалган үй-бүлөлөрдүн тагдырын жана ал доордогу саясий процесстерди чагылдырат.

“Бул тасмада сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү, сүргүнгө айдалгандардын урпактарынын баяндамалары жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылды. XX кылымдын 30-жылдарынын башында Орто Азиядан кулакка тартылгандар Украинага он жылдык мөөнөткө сүргүнгө айдалышкан. Тасмада бул тууралуу каармандар өз тагдырлары менен бөлүшөт”,- деп айтылат “Эсимденин” маалыматында.

Украинанын Виноградово (мурдагы Чалбасы) кыштагына 1930-жылдары "кулак", "эл душманы" деп айдалып барып, ошол жакта көз жумган кыргыздар жаткан жайдын четине 2013-жылы эстелик тургузулган. Кыштакта 1944-жылдын аягына чейин 500 чамалуу кыргыз жашаган. Виноградовонун эли кыргыздар көмүлгөн жайды "Кыргыз мазар" деп аташат.

Тасманын бет ачары быйыл 16-февралда Бишкекте өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG