Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:29

Ири алдамчылыкка шектүүнүн абак мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талипованын бөгөт чарасынын мөөнөтү узартылганын бүгүн 15-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал абакта 8-июлга чейин кармалары маалымдалды.

Талипова Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин (“Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу”) негизинде кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 11-майда билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2022-жылдын 19-мартында бир топ адам Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан "Нур-Жаннат ЛТД" ишканасына таандык имаратты өзүм билемдик менен ээлеп алган жана Талипова курулуп жаткан ошол имараттан жалпы наркы 300 миллион сомго батирлерди саткан.

Шектүүнүн бөгөт чарасы 13-майда каралып, ал 27-майга чейин Бишкектеги Тергөө абагына киргизилген. Ошону менен катар сот УКМКнын тергөөчүсүн анын жашы жете элек балдары кароосуз кала турган болсо аларды тийиштүү адамдардын же уюмдардын карамагына өткөрүп берүү чарасын көрүүгө милдеттендирген.

Талипованын аты коомчулукка 2021-жылдын октябрында, Бишкектин Октябрь райондук милициясынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиев жана дагы бир нече милиция кызматкери анын ишине байланыштуу камакка алынганда белгилүү болгон. Башкы прокуратура алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталып жатышканын билдирген.

Талипованын ошол кездеги адвокаты Канат Хасанов аны бошотууну талап кылып, Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн жана алты баланын жалгыз бой энеси эч негизсиз кармалып турганын билдирген. Эртеси күнү аял үй камагына чыгарылган. Анын өзгөчө чоң суммадагы алдамчылык боюнча иши Октябрь райондук сотунда каралып жатканы маалымдалган.

Аалиевдин тарапташтары ага жалган жалаа жабылып жатканын айтып уюштурган акцияларына Талиповага ири суммада акчасын алдырганын айткандар да катышып жүрүшкөн. Алар Аалиевдин тушунда Талиповага иш козголуп, камакка алынганын, бирок кийин ишти ИИМдин Тергөө башкармалыгы өзүнө алгандан кийин Талипова үй камагына чыгарылганын, ал эми акчасын сурап барган 23 кишинин экөөнү “акча опузалап жатат” деп камап коюшканын “Азаттыкка” айтып беришкен.

УКМКнын тергөө абагында 1,2 жыл кармалган Аалиев былтыр декабрда Биринчи Май райондук сотунан акталып, сот залынан бошотулган.

Курулуш компаниясынын жетекчиси катары тааныштырып жүргөн Талипова өзү иорданиялык инвесторлор аралашкан “Нур-Жаннат” компаниясына алданып калганын, буга байланыштуу 2021-жылы милицияга кайрылганын, бирок ал жактагылар 150 миң доллар алып, ишти жаап коюшканын былтыр 9-июнда “Апрель” телеканалына билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG