Баткен: Миллиондорун доолаган ишкерлер, “Аманат строй инвест” жалдаган компаниялар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу үчүн “Аманат Строй Инвест” жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылып, тендерди уткан компанияны жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү. “Азаттыктын” журналисттери Достук жана Капчыгай айылында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электигин жеринен билип келди. Кыргыз бийлиги 2022-жылы талкаланган 420 үйдү куруп берүүнү убада кылган. 416 турак-жай толук салынып, Ак-Сай айылындагы бир үй эки күндүн ичинде бүткөрүлө турганы 15-июнда кабарланды. 