Боснияда окуучу мектепте ок атып, мугалим жараат алды

Лукавац шаарындагы атышуу болгон мектептин короосу. Босния жана Герцоговина. 14-июнь, 2023-жыл.

Босния жана Герцоговинанын Лукавац шаарындагы мектепте 14-июнда өспүрүм аткан октон мугалим жарадар болду. 14 жашка чыга элек бала кармалганын, кырдаал көзөмөлдө экенин жергиликтүү полиция билдирди.

"Балдардын арасында жабыркагандар жок. Ата-энелерден сабырдуу болууну суранам. Кылмышкер - жашы жете элек бала, ал кармалды", - деп жазды Лукавац шаарынын мэри Эдин Делич Фейсбукка.

Маалыматтарга караганда, ок англис тили мугалими Исмет Османовичтин моюнуна тийген. Жергиликтүү маалымат каражаттары Тузла университетинин клиникалык борборуна таянып, ага операция жасалганын жазышты. Аймактын Билим берүү башкармалыгы кылмышка шектүү окуучу буга чейин жүрүм-турумуна байланыштуу башка мектепке которулганын маалымдады.

Коңшу Сербияда 3-майда 13 жаштагы өспүрүм өзү окуган мектепте сегиз окуучуну жана коопсуздук кызматкерин атып өлтүргөн. Дагы жети киши ар кандай жараат алган. Тергөөнүн маалыматына караганда, өспүрүм атасына катталган эки тапанчадан ок чыгарган.

Дагы караңыз

Орус Коргоо министрлигинин каналы Делимханов Украинада жараат алганын кабарлап, кайра төгүндөдү Украина: орус армиясынын ракеталык соккусунан алты киши каза болду  Акыйкатчынын эки орун басары шайланды