Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:42

Акыйкатчынын эки орун басары шайланды


Шухрат Айтиев жана Айчүрөк Назаралиева
Шухрат Айтиев жана Айчүрөк Назаралиева

Айчүрөк Назаралиева жана Шухрат Айтиев Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары болуп шайланышты. Депутаттар Жогорку Кеңештин 14-июндагы жыйынында экөөнүн тең талапкерлигин бир добуштан колдоду. Алар парламентте ант берип кызматка киришти.

48 жаштагы Айчүрөк Назаралиева 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетинин укук таануу адистигин бүтүргөн. Ал эмгек жолун 1998-жылы Бишкек коммерциялык колледжинде мугалим болуп иштеп баштаган.

39 жаштагы Шухрат Айтиев 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин психология адистигин, 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2002-жылы Баткендеги “Салам” радиосунда журналист болуп баштаган.

Парламент ушул эле күнү омбудсмендин орун басары Альберт Колоповду кызматтан алды.

Жогорку Кеңеш 17-майда Жамиля Жаманбаеваны акыйкатчы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майда бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар парламенттин чечимин сындаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG