Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Орус Коргоо министрлигинин каналы Делимханов Украинада жараат алганын кабарлап, кайра төгүндөдү


Мамдуманын Коррупцияга каршы күрөшүү жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Адам Делимханов пленардык жыйында. Мамдуманын маалымат кызматы/ТАСС. 7-июнь, 2022-жыл. Москва. Орусия.
Мамдуманын Коррупцияга каршы күрөшүү жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Адам Делимханов пленардык жыйында. Мамдуманын маалымат кызматы/ТАСС. 7-июнь, 2022-жыл. Москва. Орусия.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Чеченстан жумуриятынын башчысы Рамзан Кадыровдун тууганы жана анын оң колу саналган Адам Делимханов Украинада жарадар болгону кабарланып, кийин кайра төгүндөлдү.

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу "Звезда" каналы алгач ЛДПР партиясынын басма сөз кызматына таянып, Делимханов жараат алганын жазган. Кийин кайра эле ошол телеканал депутаттын жарадар болгону тууралуу маалымат чындыкка коошпой турганын билдирди.

Буга чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн курамында согушуп жүргөн саясат таануучу Кирил Сазонов орус депутаты Запорожье облусундагы атайын операциянын алкагында өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

Ал эми Рамзан Кадыровдун Телеграмдагы каналында Делимханов менен байланыш болбой жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Мамдуманын депутаты Дмитрий Кузнецов ишендиргендей, Делимханов парламент төрагасы Вячеслав Володин менен телефондон сүйлөшүп, "аман-эсен экенин" айткан.

53 жаштагы Делимханов ар кандай маалыматтарга ылайык Кадыровдун үч же төрт ата өткөн тууганы. Ал Рамзандын атасы, маркум Ахмат Кадыровдун коопсуздук кызматында иштечү.

Делимханов 2014-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы үчүн АКШнын санкциялар тизмесинде турат. 2022-жылдын апрелинде орус күчтөрү Украинаны Мариуполь шаарын басып алганда депутат Орусиянын Баатыры наамын алган.

Кыргызстанда Делимхановдун аты Батукаевдин ишине байланыштуу аталган.

XS
SM
MD
LG