Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу 9-июнда Өзбекстандагы президенттик шайлоого байкоочу миссиясын ачты.
Уюмдун расмий билдирүүсүнө ылайык, Урсула Гачек башында турган миссиянын курамында 11 эксперт жана 24 узак мөөнөттүү байкоочу бар. Миссия 14-июндан тарта Өзбекстандын бардык аймактарында ишин баштайт. Андан тышкары, уюмга мүчө мамлекеттерден келген 250 кыска мөөнөттүү байкоочулардын да келиши күтүлүүдө.
Алардын корутундулары шайлоонун эртеси жарыяланат.
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу Өзбекстандагы буга чейинки шайлоолор демократиялык эрежелерге шайкеш өтпөгөнүн билдирген.
8-майда азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.
30-апрелде референдум өтүп, Конституцияны өзгөртүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.
9-июлга белгиленген шайлоодо төрт киши президенттикке ат салышат.
Жаңы Баш мыйзамга ылайык, прези денттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылды.
Дагы караңыз
Донецк: Украин аскерлери бир нече айылды бошотту Бишкекте орусиялык саясий активист Алена Крылова камакка алынды"Европадан жумуш жана виза". Акчасын алдаткан мигранттарЭл аралык уюмдар "Чет өлкөлүк өкүл" долбоору боюнча кыргыз бийлигине кайрылды