Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Бишкекте орусиялык саясий активист Алена Крылова камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда орусиялык саясий активист Алена Крылова камакка алынды. Бишкек шаардык соту 6-июнда тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аны төрт аптага тергөө абагына камакка алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечими менен ал Бишкектин тергөө абагында 4-июлга чейин камакта болот.

Крылова 4-июнда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кармалганы маалым болду. Ал Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы, бул өлкөдө экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу болгон. Мекенинде Крыловага жана аталган кыймылдын дагы беш мүчөсүнө “экстремисттик бирикме түзгөн” деген негизде кылмыш иши козголгон. Ал “бийликти жаманатты кылууга багытталган митингдерге, жүрүштөргө жана пикеттерге катышып, полиция менен кагылышууларды козуткан” деп шектелүүдө.

Активисттин адвокаттары соттун чечимине каршы арыз беришкен. Алар Крылова Кыргызстандан башпаанек сурап, расмий түрдө өтүнүч келтиргенин, документтери каралып жатканын, качкын макамын берүү же бербөө чечими кабыл алынганча аны өлкөдөн чыгарууга болбой турганын белгилешти.

Июнь айынын башынан бери, ушуну менен, Кыргызстанда орусиялык саясий мигранттар кармалган үчүнчү окуя катталууда. 6-июнда согушка каршы активист Алексей Рожков экстрадиция кылынган, ал мекенинде аскердик комиссариаттын имаратына өрт койгон деп шектелүүдө. 9-июнда Бишкекте орусиялык “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякин кармалган.

Адатта кайсы бир чет өлкөлүктүн кармалып, экстрадицияланышына анын өлкөсүнүн күч түзүмдөрүнүн кайрылуусу негиз болот.

XS
SM
MD
LG