Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, “Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзам долбоорун четке кагууга" чакырышты. Кайрылууну Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Front Line Defenders, Human Rights Watch (HRW), Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) жана башка бир катар беделдүү уюмдар жасашты.
Алар Кыргызстанда “чет өлкөлүк өкүл” деген түшүнүк киргизилип, бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү максаты болуп жатканын, мыйзам долбоору 2012-жылы Орусияда кабыл алынган “Чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамдан көчүрүлгөнүн билдиришти.
Дагы караңыз
“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын чоо-жайыБейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылы 21-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Мунун ичинен үч депутат мыйзам долбоорундагы ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболорго байланыштуу документтин авторлугунан баш тартышты.
Мыйзам долбооруна ылайык, “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.
Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбой турганын билдирген.
“Адилет” укуктук клиникасы “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (BTo)
Дагы караңыз
Италиянын мурдагы өкмөт башчысы Сильвио Берлускони көз жумдуБештөбөдө беш күндөн бери шахтерлордун митинги улануудаЫдырыс Исаков аны бетке чапкан адамга каршы милицияга арыз жаздыЗеленский: Гаага соту Кахов ГЭСиндеги жардырууну иликтей баштадыСанарип өнүктүрүү министрлиги “Мекен-картты” бере баштады Иран өзөктүк программасы боюнча Батыш менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн билдирди