Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:00

Зеленский: Гаага соту Кахов ГЭСиндеги жардырууну иликтей баштады


Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун өкүлдөрү Украинадагы Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылышын иликтей баштады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ кечки кайрылуусунда билдирди.

"Бир күн мурун Эл аралык кылмыш сотунун өкүлдөрү Херсон облусуна барышты. Кырсыктан кийинки биринчи күнү эле башкы прокурор бул катастрофаны иликтөө боюнча Эл аралык кылмыш сотуна тиешелүү кайрылуу жолдогон. Эми иш башталды. Алар орусиялык теракттын кесепеттерин өз көзү менен көрүп, орус террору уланып жатканын укканы абдан маанилүү. Суу каптаган аймакты аткылоо уланууда", – деди президент.

Зеленский Эл аралык кылмыш сотунун тергөөсүнө көмөктөшүүгө убада берди.

6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылып, Херсон облусунун бир катар конуштарын суу каптаган. Миңдеген тургун коопсуз жакка көчүүгө аргасыз болду. Ал үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG