Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:01

Бештөбөдө беш күндөн бери шахтерлордун митинги уланууда


Казакстандын Акмоло облусунун Бештөбө айылында беш күндөн бери "Алтыналмас" ишканасынын шахтерлору тынч митинг өткөрүп жатышат. Алар Бештөбө кенинин ишин калыбына келтирүүнү талап кылууда.

11-июндун кечинде айылга Степногорск шаарынын акими барып, алар менен сүйлөшкөн. Аким Алматыда 22-июнда инвестор менен жолугушуу болорун айтып, аларды да сүйлөшүүгө катышууга чакырды. Бирок кенчилер бул жолугушуу эч нерсени чечпей турганын, жогорку даражалуу чиновниктер менен жолугушууну каалашарын "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Кенчилер 7-июндан бери нааразылык акциясын улантып жатышат. Алар биринчи вице-премьер-министр Роман Склярга да видеокайрылуу жасашкан, бирок ал кенчилердин талабына жооп берген жок.

Бештөбө кенинин иши 2021-жылдын июль айында токтоп, дээрлик 1200 адам ишсиз калган. Маалыматка караганда, шахталарды суу каптап жатат. "Алтыналмас" компаниясы шахтанын суусун төгө турган жери жок экенин айтууда. Жумушчулар алтынды ачык жол менен иштетүү үчүн компания муну атайлап жасап жаткан деп шек санашат.

XS
SM
MD
LG