Эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловго каршы Ош шаардык милициясына арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда болгон.
“Милицияга көрсөтмө бердим. Окуя болгондо эле ошол жерге 102ге чалып милиция чакырганбыз”, - деди Исаков.
Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялады. Тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.
8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилгени, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот.
Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Ушул тапта өзүнүн аты менен Ютуб порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 453 миң катталуучу бар. (BTo)
Дагы караңыз
Ошто уурулукка шек саналгандардын жакындары басма сөз жыйынын өткөрдүМинистр Орусиянын "кара тизмесинде" 44 миңдей кыргыз жараны бар экенин билдирди Сузак районунда Санпа каргашасы эскерилдиБишкекте үч адамдын өмүрүн кыюуга шектүүнүн иши сотко жөнөтүлдү Казакстан Абай облусундагы өрттөн каза болгондорго аза күтүүдөСтатком: беш айда ички дүң өнүм 3,4% жогорулады