Бүгүн, 12-июнда ажылык сапарга аттангандардын алгачкы тобу Бишкектен Мадина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев ажыларды узатуу учурунда алардан ыйык жайда эл-жер, өлкө үчүн бата кылышын жана ажылыктын шарттарын так аткарууну суранды.
Муфтият билдиргендей, быйылкы ажылык сапары үчүн Кыргызстандан он аба каттам аткарылат жана анын жетөөсү Ош шаарынан учат. Быйыл кыргызстандык ажыларды ташый турган болгон Jazeera авиакомпаниясынын акыркы каттамы 21-июнда учуп барат.
Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген.
Быйыл Сауд Арабиясы Меккеге ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлүп берген. Бул жылы ажылык сапар июнь айынын соңунда башталат.
Дагы караңыз
Сузак районунда Санпа каргашасы эскерилдиБишкекте үч адамдын өмүрүн кыюуга шектүүнүн иши сотко жөнөтүлдү Чүй: Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча дагы бир адам кармалдыКазакстан Абай облусундагы өрттөн каза болгондорго аза күтүүдө