Статком: беш айда ички дүң өнүм 3,4% жогорулады

Бишкектеги базарлардын бири.

Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2023-жылдын январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4% жогорулап 355 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети беш айдын баштапкы жыйынтыгын чыгаргандан кийин билдирди.

Мунун ичинен эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди - 53,8 %. Бирок бул өткөн жылдын беш айына караганда 1,4% аз. Ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 26,1% болду.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү 2023-жылы 3,9%, 2024-жылы 4% өсөт деген жоромолун жарыялаган.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деген божомол берген. (BTo)

Дагы караңыз

Суу каптоодон улам Херсон облусунан төрт миңдей адам эвакуация болдуКиев: Украинанын НАТОго кошулуу ниетин 20 мамлекет колдодуПакистанда шамал аралаш жаан 27 кишини мерт кылдыСары-Булак аймагына 6 миңден ашуун көчөт отургузулдуКазакстан: Абай облусундагы өрттө каза тапкан токойчулардын ысымы жарыяланды