Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Сары-Булак аймагына 6 миңден ашуун көчөт отургузулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Балыкчы токой чарбасынын Сары-Булак аймагында "Бир жарандан-Бир көчөт" аттуу экологиялык акция өттү. 10-июнда өткөн иш-чарада 2 гектар аянтка 60 миң даанадан ашык пирамида түрүндөгү теректин көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарби министрлигинин басма сөз кызмат ыкабарлады.

"Мөңгүлөр жаңыдан эрип жаткан тоолорго бак-дарактарды отургузуу суу ресурстарын үнөмдөөгө, опурталдуу мөңгү агымдарынын алдын алууга жана адам менен жаратылыштын гармониялуу жашоосун камсыз кылууга жардам берет", - деп жазылган маалыматта.

Бак отургузуу иш-чарасына айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, ыктыярчылар катышты.


Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган. Долбоордун алкагында жылына кеминде 5 миллионго жакын көчөт отургузуу планы каралган.

"Ыйман Нуру” фракциясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин 22-февралындагы жыйынында өлкөдө көчөт отургузуу өнөктүгүн жандандыруу боюнча атайын баяндама жасап, президенттин демилгеси ишке ашпай жатканын айткан. Эл өкүлү токойлордун аянты кыскарып, бардык аймакта жашылдандыруу иштери чабал болуп жатканын сындаган.

Айрым эксперттер тигилген көчөттөрдүн куурап калып жатканын, буга өлкөнүн аймактарындагы ирригация системасынын жөнгө салынбаганын айтып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG