Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Казакстан: Абай облусундагы өрттө каза тапкан токойчулардын ысымы жарыяланды


Абай облусундагы токойдогу өрттө каза болгон токойчулар. Казакстан.
Абай облусундагы токойдогу өрттө каза болгон токойчулар. Казакстан.

Казакстандын Экология министрлиги өзгөчө коргоого алынган "Семей токоюндагы" өрттө каза болгон токойчулардын аты-жөнү сүрөтү менен жарыялады. Токой чарба комитети алардын жакындарына көңүл айтты.

Министрликтин буга чейин билдиргени боюнча, өз аймагындагы өрттү өчүрүүгө чыккан 14 токойчу менен 9-июнда байланыш үзүлгөн. Андан кийин аларды издөө-куткаруу иштери башталган. Каза болгондордун бирөө аял.

Казакстанда 12-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланганын 11-июнда өрттө каза болгондордун жакындары менен жолуккан учурда президент Касым-Жомарт Токаев билдирди.

"Мен сиздерге көнүл айтайын деп атайын келдим. Бул биздин жалпы элибиз үчүн чоң трагедия, жоготуу. Мындай оор күндө күчтүү болуңуздар. Кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Өкмөткө финансылык же башка керек болгон бардык жардамды берүүнү тапшырдым. Эгер өкмөткө же жеке мага айта турган кайрылууңар болсо, айткыла. Алардын бардыгын жасайбыз", - деген Токаев.

Өрт чалган аймактын жалпы аянты 60 гектардан ашуун. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн аянтынын чоң болгону, аба ырайынын ысыктыгы жана шамал аны өчүрүүгө тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө.

11-июнда эртең менен алынган маалымат боюнча, учурда беш аймакта өрт өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Токой чарба комитетинен, жергиликтүү аткаруу органдарынан жана Коргоо министрлигинен 1500гө жакын адам жана 290дон ашык техника тартылган. Өрт башталгандан бери 486 жолу жалпы көлөмү 1000 тоннага жакын суу абадан чачылган.

Ишембиде президент Касым-Жомарт Токаев Юрий Ильинди өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуп, анын ордуна Сырым Шарипхановду дайындады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG