Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия 6-июнда тапшырылды.
Төртүнчү жылы катары менен өткөрүлүп жаткан сынактын төрт жеңүүчүсүнө акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди.
“Мен кандай өлкөдө жашагым келет” деген темадагы дилбаян сынагына быйыл 21 бүтүрүүчү катышты. Башкы сыйлыкты Сайкал Алтымышова жеңип алды. 2-орунду Болотбекова Албина, 3-орунду Адеми Адамбек кызы жана Алишер Барктабасов утуп алды.
Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө 2019-жылдан бери ыйгарылып келет.
Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.
"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (TSh)
Дагы караңыз
"Бийликти басып алууга" айыпталган беш кишинин төртөө камакта калдыКыргызстан менен Катар кызматташуу боюнча документтерге кол койдуЖогорку Кеңеште Бишкектеги суу тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүлдүБишкек шаардык соту Украинадагы согушка катышкан жаранды 10 жылга кестиСогушка каршы чыккан активист Кыргызстандан Орусияга депортацияланды